Кыргызстан чек аралык төлөмдөр жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө
2026-жылдын 22–23-октябрында Душанбе шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын борбордук (улуттук) банктарынын төлөм системаларын өнүктүрүү маселелери боюнча IV аймактык жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация улуттук төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү тажрыйбасын, анын ичинде ELQR бирдиктүү QR-стандартын жана ыкчам төлөмдөр системасын тааныштырды.
Жолугушуунун негизги жыйынтыгы — беш өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобун түзүү. Аталган топ төлөм системаларын интеграциялоо жана QR-код аркылуу чек аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү маселелерин иштеп чыгат.
Жолугушуунун жыйынтыгында аймактык кызматташтыкты чыңдоого, төлөмдөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган биргелешкен протоколго кол коюлду.
