Кыргызстан боюнча күзгү сугат иштери 80% аткарылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Кыргызстан боюнча күзгү сугат иштери 80% аткарылды

2026-жылдын 26-октябрына карата Кыргызстан боюнча сугат суу берүү планы 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан топурак нымдуу болуп, сугат суусуна муктаждык азыраак болду.

Суу булактарынан секундасына 117,74 м³ суу алынып, күздүк себүү алдындагы жана күзгү ным топтоо сугат иштери жүргүзүлүүдө.

Республика боюнча сугат суу берүү планы 6 271,36 млн м³ болсо, иш жүзүндө 5 052,71 млн м³ суу берилди. Сугаруу планы 3 680,84 миң гектарды түзүп, учурда 2 905,06 миң гектар жер сугарылды. Анын ичинен 136,618 миң гектары күзгү ным топтоо сугатына, 62,190 миң гектары күздүк себүү алдындагы сугатка туура келет.

Облустар боюнча сугат суу берүү планынын аткарылышы төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу — 557,16 млн м³;
  • Жалал-Абад облусу — 842,264 млн м³;
  • Нарын облусу —515,5 млн м³;
  • Ош облусу — 798,61 млн м³;
  • Чүй облусу — 1 287,84 млн м³;
  • Талас облусу — 615,4 млн м³;
  • Ысык-Көл облусу — 435,94 млн м³;