FIFA дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын U-15 курамасы 1/16 финалда Кот-Д’ивуарга каршы ойнойт
Бүгүн, 28-октябрда, Кыргызстандын U-15 өспүрүмдөр курама командасы Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан FIFAнын өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Кот-Д’ивуарга каршы беттеш өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:45те башталат.
Белгилесек, буга чейин курама командабыз тайпалык баскычтын алкагында оюндарды өткөрүп, 10 упай менен экинчи орундан плей-офф баскычка чыгып, дүйнөдөгү мыкты 32 команданын катарын толуктады.
Тайпалык баскчытын беттештеринин жыйынтыктары / «U» тайпасы:
Кыргызстан – Уганда — 4:3
Кыргызстан – Эквадор — 0:3
Кыргызстан – Экватордук Гвинея — 6:1
Кыргызстан – Тонга — 8:0
Кыргызстаг – Кабо – Верде – 2:2
Белгилесек, Турнирге 2011–2012-жылдары туулган футболчулардан түзүлгөн 190 команда катышууда. Беттештер кичирейтилген футбол талааларында 8×8 форматында өткөрүлөт. Катышуучулар 32 тайпага бөлүнгөн.
Бул турнир жаш футболчулар үчүн эл аралык тажрыйба топтоого жана өздөрүнүн оюн чеберчилигин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Курама командабыз тайпалык баскычтагы акыркы беттешин бүгүн, 26-октябрда, Кабо-Верденин курамасына каршы өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Беттештин түз көрсөтүүсүн DAZN платформасынан көрүүгө болот.
