Беш өлкө QR-төлөмдөрдү жана тез которуулар системасын интеграциялоо үчүн жумушчу топ түзөт
2026-жылдын 22-23-октябрында Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрүнүн төлөм системаларын өнүктүрүү маселелери боюнча IV регионалдык жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө борбордук банктардын өкүлдөрү улуттук төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү, тез төлөм системаларын жана бирдиктүү QR-стандарттарын киргизүү, чек ара аркылуу интеграциянын келечеги, санарип финансылык технологияларды колдонуу, ошондой эле киберкоопсуздук жана төлөм чөйрөсүндөгү алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүнүн натыйжалары, анын ичинде ELQR бирдиктүү улуттук QR-код стандартынын иштеши, тез төлөм системасынын долбоорун ишке ашыруу, чек ара аралык төлөм кызматтарын өнүктүрүү жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында борбордук (улуттук) банктардын өкүлдөрү мындан аркы регионалдык кызматташтыктын конкреттүү багыттарын жана механизмдерин аныктаган биргелешкен протоколго кол коюшту.
Беш өлкөнүн борбордук банктарынын жана улуттук төлөм системаларынын операторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү негизги макулдашуулардын бири болду. Анын иши улуттук төлөм инфраструктураларын интеграциялоонун мүмкүн болгон моделдерин, биринчи кезекте QR-коддорду колдонуу менен чек ара аралык төлөмдөрдү уюштуруу жана тез төлөм системаларынын өз ара шайкештигин камсыз кылуу маселелерин иштеп чыгууга багытталат.
Жумушчу топтун алкагында өз ара аракеттенүүнүн уюштуруучулук, укуктук жана техникалык аспектилерин, анын ичинде төлөм билдирүүлөрүн алмашуу форматтарын, төлөм реквизиттеринин түзүмүн, коопсуздук талаптарын макулдашуу, ошондой эле интеграциялык чечимдерди этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү жана киберкоопсуздукту чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар борбордук банктардын ортосундагы киберкоркунучтар жана алдамчылык схемалары тууралуу маалымат алмашуу механизмдерин, ошондой эле алдамчылыкка жана башка мыйзамсыз операцияларга каршы күрөшүү чөйрөсүндө биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгууну макулдашышты.
Мындан тышкары, төлөм системаларына тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл жүргүзүү, санарип финансылык активдерди жөнгө салуу, жасалма интеллект (AI), SupTech жана RegTech технологияларын колдонуу, ошондой эле купуялуулук талаптарын сактоо менен төлөм системаларында колдонулган тарифтер жана комиссиялар тууралуу маалымат алмашуу маселелери боюнча тажрыйба алмашууну активдештирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу регионалдык кызматташтыкты чыңдоого, төлөм операцияларынын коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү чек ара аралык төлөм кызматтарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.
