Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду
28 октябрь
Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 60 орундуу бала бакча ачылды
Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 60 орундуу «Киров» атындагы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Долбоордун алкагында фонд тарабынан 21 млн 963 миң сом каражат бөлүнгөн. Ага балдар бакчасынын ички, тышкы жумуштары жасалып, от жагуучу жайы жана тышкы ажаткана курулду.
Жыйынтыгында аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин шарттары жакшырып, балдардын сапаттуу билим жана тарбия алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүлдү
