Караколдо ноябрда ипотекалык 530 батир пайдаланууга берилет
Каракол шаарындагы «Хан-Теңири» турак жай комплекси ушул жылдын ноябрында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган.
Учурда жалпы 530 батирден турган алты турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Курулуш иштерин ноябрь айында толук бүтүрүп, объектилерди пайдаланууга берүүгө даярдоо пландалууда.
Ошондой эле Каныбек Туманбаев турак жай комплексин жылуулук менен камсыз кылуу үчүн курулган өзүнчө откананын иши менен таанышып, анын кубаттуулугу жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды.
Курулуштун жүрүшүн текшерген Каныбек Туманбаев жооптуу кызматкерлерге бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу аяктоо боюнча тапшырмаларды берди. Ал курулуш нормаларынын жана талаптарынын так сакталышы зарылдыгын белгилеп, жаңы батирлерге көчүп кире турган тургундар үчүн эч кандай көйгөйлөр жана ыңгайсыздыктар жаралбашы керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, өткөн жылы комплекстин биринчи этабынын алкагында 420 батир пайдаланууга берилген.
Жалпысынан «Хан-Теңири» турак жай комплексинин долбоору 69 турак жай блогунан турган 3 430 батирди камтыйт. Ошондой эле комплекстин аймагында эки бала бакча жана бир мектеп куруу каралган.
