Кыргызстанда тогуз айда 11,5 миң үй жана батир пайдаланууга берилди
2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда жалпы аянты 1 млн 287,5 миң чарчы метрди түзгөн 11,5 миң үй жана батир пайдаланууга берилди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101%ды түздү.
Тогуз айда турак жай курууга 109,9 млрд сомго жакын инвестиция багытталган. Пайдаланууга берилген турак жайдын 75,4%ы негизинен калктын өз каражатынын эсебинен курулган.
Эң көп турак жай Бишкек шаарында пайдаланууга берилип, анын жалпы аянты 480,6 миң чарчы метрди же өлкө боюнча жалпы көлөмдүн 37,3%ын түздү.
Жалал-Абад облусунда 252,9 миң, Ош облусунда 144,3 миң, Чүй облусунда 142,3 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.
Жалпысынан тогуз айда жалпы аянты 970,3 миң чарчы метрди түзгөн 7 111 жеке турак үй курулду.
