Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорун каржылоо боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
28 октябрь

Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорун каржылоо боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары  Мирбек Дүйшеев белгилегендей, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 3» долбоорунун негизги максаты айылдык фермердик чарбалардын туруктуулугун, кирешелүүлүгүн жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүсүн чыңдоо аркылуу өлкөнүн айыл жерлеринде жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Макулдашууда Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду тарабынан 15,35 млн жалпы суммасындагы (эквиваленти – 21,05 млн АКШ доллары) зайым алуунун атайын укуктарынын (мындан ары – ЗАУ) кредиттик каражаттарын берүү каралууда, анын ичинен: – 12,28 млн ЗАУ (эквиваленти – 16,84 млн АКШ доллары) – бул жеңилдетилген кредит (тейлөө үчүн жылдык комиссия – 0,10 %, төлөө мөөнөтү – 50 жыл, анын ичинен 10 жыл пайыздык ставкасы жок жеңилдетилген мезгил); – 3,07 млн. 

Талкуу маалында депутат Улукбек Карыбек уулу буга чейинки жылдары ишке ашырылган ушундай эле долбоорлор, анын ичинен бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы жана жетишилген натыйжалар тууралуу маселе көтөрдү. 

Депутат Уланбек Жаанбаев өлкөдөгү айыл чарба кооперативдеринин санына жана аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмдерине кызыкты. Баяндамачынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 450 миңге жакын дыйкан чарбасы жана 821 айыл чарба кооперативи бар.

Эл өкүлү Жылдыз Курманалиева долбоорду ишке ашыруунун алкагында бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга жана алардын натыйжалуу өздөштүрүлүшүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурду.