Кыргызстанга келген чет элдик инвестициялардын 72,5%ы Бишкек шаарына туура келди
сүрөт: depositphotos.com
28 октябрь

Кыргызстанга келген чет элдик инвестициялардын 72,5%ы Бишкек шаарына туура келди

2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга түшкөн чет элдик инвестициялардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү Бишкек шаарына туура келди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, борбор калаага 2 млрд 185,4 млн долларлык чет элдик инвестиция тартылган. Былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 1 млрд 298,8 млн долларды түзгөн.

Бишкектин жалпы инвестициядагы үлүшү 48,6%дан 72,5%га өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга сыртка кеткен инвестицияларды эсепке албаганда, жалпы 3 млрд 15,2 млн долларлык чет элдик инвестиция түшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8%га көп.

Ошол эле учурда Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында чет элдик инвестициялардын көлөмү азайган.