ИИМде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү
КР ИИМ
28 октябрь

ИИМде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн уюштурулушун баалоого, калк менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперттик тобу тарабынан «Адилеттик агенттигинин командасы» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Эксперттердин көңүл борборунда жарандардын кайрылууларын өз убагында жана ар тараптуу кароо, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы, кайтарым байланыш каналдарынын жеткиликтүүлүгү, ошондой эле министрликтин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу маселелери болду.

Мындан тышкары, кайталанган кайрылууларды аныктоо жана талдоо механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүшү мүмкүн болгон жагдайлардын, анын ичинде арыздарды кароо мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруунун жана жол-жоболордун жетиштүү деңгээлде ачык-айкын болбошунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мындай иш-чаралар ведомстволук иштерди өркүндөтүүгө, жарандардын кайрылуулары менен иштөөдөгү жоопкерчиликти жогорулатууга жана калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мониторинг Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Эксперттик топтун курамына Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мониторинг боюнча эксперти Самаган Тойчубаев, «Адилеттик агенттигинин командасы» коомдук уюмунун жетекчиси Нурлан Карбеков жана аталган коомдук уюмдун эксперти Чыңгыз Болотбеков кирген.