Ош шаарындагы Мээркан айылынын тургундары ички жолдордун оңдолушун 20 жылдан бери күтүп келишет
иллюстрациялык сүрөт
28 октябрь

Ош шаарындагы Мээркан айылынын тургундары ички жолдордун оңдолушун 20 жылдан бери күтүп келишет

Ош шаарына караштуу Мээркан айылында ички жолдор акыркы 20 жылдан бери оңдолгон эмес. Айыл тургундары жолдорду жаңыртуу менен катар эс алуучу жайларды көрктөндүрүүгө жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө муктаж.

Бул тууралуу депутат Бекмурза Эргешов 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү айылдын комплекстүү өнүгүүсүнө көңүл буруп, жолдорду оңдоо, парк аймагын түзүү жана спорттук объектилерди куруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арчалуу жана Кызыл-Туу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

Депутаттын пикиринде, жол инфраструктурасын жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана коомдук эс алуу жайларын түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын көңүл буруусун талап кылат.