Ширшов Кыргызстанга үстөк пайызы жок 10 жылга $100 млн берди
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Ширшов Кыргызстанга үстөк пайызы жок 10 жылга $100 млн берди

Алексей Ширшов Кыргызстанга мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу үчүн он жылга 100 миллион доллар пайызсыз насыя берди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирди. 

Анын айтымына караганда, каражат он күн мурда берилген. 

"Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим.

Негизи эле, республика боюнча кайсы тармакка каражат бөлүп бербейин, түштүк менен түндүккө бирдей бөлүп келе жатабыз. Эки регион тең бирдей өнүгүшү керек. Анткени калкыбыздын жарымы түштүктө болсо, жарымы түндүктө.

Өткөндө эл менен жолугушууда айтканымдай эле, он жылдан кийин бул каражат көп деле акча болбой калат. Инфляция деген бар. Эң негизгиси проценти жок", - деген ал.