Бишкекте жаңы отканалары ишке киргизилди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жылытуу мезгилинин башталышына карата 28-октябрда «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди.
Мэриядан кабарлашкандай, шаар башчысы 10-кичи райондогу откананы жана «Ротор» отканаcын кыдырып, жаңы жабдууларды жеке өзү ишке киргизди.
10-кичи райондогу отканага ишкананын өз күчү менен чыгарылган, жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулган. Алардын пайдалуу аракет коэффициенти 93 пайыздан ашат. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да орнотулган. Жалпысынан бул эки объект 7 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат.
Ал эми «Жал» конушунда жайгашкан «Ротор» отканасына жалпы кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Буга чейинки жабдуулар дээрлик 40 жылдан бери пайдаланылып келген.
Мындан тышкары, мэр ишкананын 16 объектисинде уюштурулган жылуулук насосторун башкаруунун бирдиктүү диспетчердик системасын онлайн режимде ишке киргизди. Бул система жабдуулардын ишин аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Жылуулук насосторун колдонуу көмүр менен электр энергиясынын сарпталышын кыскартууга, ошондой эле атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ишкананын кызматкерлерине аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биздин башкы максатыбыз — Бишкек шаарынын жана анын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн иштөө. Биз шаардыктарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылышыбыз керек. Кыш мезгилинде жылуулукту сапаттуу жана үзгүлтүксүз берүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири», — деп баса белгиледи мэр.
Ошондой эле шаар башчысы отканалардын аймактарын талаптагыдай көрктөндүрүп, иретке келтирүүнү тапшырды. Ал муниципалдык объектилер таза жана тыкан кармалып, башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи.
