Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь
Нарын облусуна түз чет өлкөлүк инвестициялар 2,5 эсеге өстү
Нарын облусуна түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2026-жылдын январь–июнь айларында 72,8 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде облуска 29 млн доллар түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Ошентип, инвестициялардын көлөмү болжол менен 2,5 эсеге көбөйгөн.
Нарын облусунун өлкөдөгү жалпы түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү үлүшү 5,2 пайыздан 10,3 пайызга чейин өскөн.
Ошол эле учурда түз чет өлкөлүк инвестициялардын эң чоң көлөмү Бишкек шаарына туура келип, 417,2 млн долларды же жалпы көлөмдүн 58,8 пайызын түзгөн.
