Кыргызстанда аортанын татаал катмарланып ажырашын дарылоо боюнча мастер-класс өттү
Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Татарстан Республикасынан келген рентгенэндоваскулярдык хирург Марат Шарафутдинов иш сапары менен болду.
Борбордон билдиришкендей, адис кыргызстандык дарыгерлер үчүн маанилүү органдардын кан менен камсыз болушунун бузулушу менен коштолгон аортанын татаал катмарланып ажырашын дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча лекция окуду.
Иш сапардын практикалык бөлүгү чыныгы клиникалык учурдун негизинде өткөрүлгөн мастер-класстан турду.
Анда стент-графтты фенестрациялоо технологиясына өзгөчө көңүл бурулду. Бул ыкма аортанын жабыркаган бөлүгүн обочолонтуп, ошол эле учурда маанилүү артериялар аркылуу кандын агымын сактоого мүмкүндүк берет.
Борбордон белгилешкендей, мындай кесиптик жолугушуулар дарыгерлерге алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүүгө, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана кан тамырлардын татаал ооруларын дарылоонун заманбап ыкмаларын үйрөнүүгө шарт түзөт.
