Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты кылууну сунуштады
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы Америка Кошмо Штаттарына кошуп, 51-штат кылуу мүмкүнчүлүгүн айтты. Ал бул тууралуу 27-октябрда Техас штатында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып билдирди.
«Ким билет, балким, жакынкы убакта Венесуэла гүлдөп-өнүккөн 51-штат болуп калышы мүмкүн. Бул мүмкүн. Келгиле, муну ишке ашыралы. Аны 51-штат кылалы», — деди Трамп.
Анын айтымында, мындай учурда Венесуэлада президенттин ордуна губернатор шайланмак.
Бул билдирүү Вашингтон менен Венесуэланын мунай тармагындагы кызматташтыгы кеңейип жаткан учурда айтылды. Трамп сөз сүйлөп жатып, жаңы келишимдин алкагында Венесуэланын мунайынын алгачкы 1 миллион баррелин Техаска жеткирген танкерди көрсөттү.
АКШнын президенти ошондой эле: «Өндүрүү жеңүүчүгө таандык», — деп билдирди.
2026-жылдын январында америкалык аскерлер Николас Мадурону кармап, Венесуэладан алып чыгып кетишкен. Андан кийин өлкөнүн убактылуу жетекчилигин Делси Родригес колго алган.
