Мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык кызматтардын ишиндеги мыйзам бузууларга бөгөт коюуну тапшырды
28 октябрь

Мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык кызматтардын ишиндеги мыйзам бузууларга бөгөт коюуну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында кезектеги кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө жолдорду жана тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларынын жана борбор калаадагы балдар аянтчаларынын абалы талкууланды. Ошондой эле муниципалдык кызматтардын ишинин сапатына, кызмат адамдарынын жоопкерчилигине жана мэрдин тапшырмаларынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда мэриянын кызмат адамдарына жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата 44 материал боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев ишкерлердин биринен муниципалдык администрациянын кызматкерине 5 000 сом которулган учурга көңүл бурду. Мэр бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, окуяга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоону жана тиешелүү кадрдык чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Анын ичинде акча которуусун алган кызматкерди ээлеген кызматынан бошотуу маселеси да каралат.