Кыргызстан Швейцарияга 707,6 млн доллардан ашык алтын экспорттоду
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Кыргызстан Швейцарияга 707,6 млн доллардан ашык алтын экспорттоду

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстан Швейцарияга 707,6 млн долларлык алтын экспорттоду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстандан алтын экспорттоо 1,7 эсеге өскөн.

Швейцария кыргызстандык экспорттун ири багыттарынын бири болду.

Мындан тышкары, Кыргызстан Казакстанга 134,3 млн долларлык, Кытайга 105,9 млн долларлык баалуу металлдардын рудаларын жана концентраттарын экспорттогон.

Россияга 79,7 млн долларлык жер үстүндөгү транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, ошондой эле 57 млн долларлык кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдар жөнөтүлгөн.

Ал эми Өзбекстанга 35,8 млн долларлык таш көмүр жана 23,4 млн долларлык мунайзаттар экспорттолгон.