Садыр Жапаров: Максим жана Жаныш Бакиевдер келсе, чек арадан эле түрмөгө кетишет
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Садыр Жапаров: Максим жана Жаныш Бакиевдер келсе, чек арадан эле түрмөгө кетишет

Максим жана Жаныш Бакиевдер Кыргызстанга келсе, чек арадан эле түрмөгө кетишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 27-октябрда Super.kg порталына берген маегинде билдирген. 

"Максим менен Жаныштын иштери такыр башка. Аларга соттун өкүмү “өмүр бою камакта олтурушсун” деп чыккан. Өкүм күчүндө турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Алар келсе, чек арадан түздөн-түз эле түрмөгө барышат", - деди ал.

Президент ошондой эле Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун келди деген жалган сөз экендигин кошумчалады.

"Мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрүшөт. Аларга ишене бербегиле", - деди Жапаров.