Баткенде эл аралык жаштар форуму башталды
Баткен облусунда бүгүн, 28-октябрда «Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык» аталышындагы эл аралык жаштар форуму башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Форумга катышуу үчүн Тажикстандын Согди облусунан жана Өзбекстандын Фергана облусунан делегациялар келишти.
Согди облусунан келген делегация Баткен районундагы «Кызыл-Бел» өткөрүү пунктунан, ал эми Фергана облусунан келген делегация Кадамжай районундагы «Кайтпас» өткөрүү пунктунан тосуп алынды.
Коңшу мамлекеттерден келген жаштарды жергиликтүү жетекчилер жана тиешелүү өкүлдөр жылуу маанайда тосуп алышты.
Эл аралык форумдун негизги максаты — коңшу мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү арттыруу, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, ошондой эле жаштар арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.
Форумдун алкагында жаштардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, достук байланыштарды бекемдөөгө жана аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.
