Кыргызстан 8 айда 114 млн долларлык суу жана суусундуктарды импорттоду
28 октябрь

Кыргызстан 8 айда 114 млн долларлык суу жана суусундуктарды импорттоду

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстан 211 млн литр суу, анын ичинде минералдык, газдалган жана кант кошулган суусундуктарды импорттоду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, импорттун жалпы наркы 114 млн 382,9 миң долларды түздү.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорттун көлөмү 25,9%га, ал эми наркы 32,3%га өскөн.

Бул товарлардын негизги жеткирүүчүлөрүнүн бири Казакстан болду. Аталган өлкөдөн Кыргызстанга 54,9 млн долларлык суу, анын ичинде минералдык, газдалган жана кант кошулган суусундуктар импорттолгон.