Ысык-Ата санаторийинде жаңы корпустар ачылып, санариптик тутум ишке киргизилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Ысык-Ата санаторийинде жаңы корпустар ачылып, санариптик тутум ишке киргизилди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Ысык-Ата» санаторийинде үч жаңы корпустун жана заманбап ашкананын ачылыш аземине катышып, санаторийде ишке киргизилген санариптик технологиялар менен таанышты.

Санаторийдин инфраструктурасын жакшыртуу максатында үч жаңы корпус курулуп, заманбап шарттар менен камсыздалды. Ошондой эле спорт залы уюштурулуп, эс алуучулардын ден соолугун чыңдоосу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Мындан тышкары, 250 адамга ылайыкталган заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ал жаңы жабдуулар менен толук камсыздалып, эс алуучуларды сапаттуу тейлөөгө шарт түзүлдү.

Санаторийде «Саламат» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилип, эс алуучуларды каттоо, жайгаштыруу, бөлмөлөрдү брондоо, тамактанууну уюштуруу жана медициналык кызматтарга жазылуу процесстери санариптештирилди. Ошондой эле жүздү таануу технологиясы (Face ID) киргизилип, тейлөө процесстери автоматташтырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ысык-Ата» санаторийи Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп, көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, инфраструктурасы эскирген абалга келген. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен санаторий Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, масштабдуу реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.

2024-жылдын 17-декабрында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңыланган санаторийдин ачылышына катышкан. Андан бери санаторийдин инфраструктурасын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча иштер ырааттуу улантылууда.