Кыргызстанда Эмгек министрлигине караштуу «Социалдык инфраструктура» мамлекеттик ишканасы түзүлөт
28 октябрь

Кыргызстанда Эмгек министрлигине караштуу «Социалдык инфраструктура» мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Кыргызстанда Эмгек министрлигине караштуу «Социалдык инфраструктура» мамлекеттик ишканасы түзүлөт.

Бул тууралуу президенттин 2026-жылдын 26-октябрындагы №362 жарлыгында Министрлер кабинетине берилген тапшырмада айтылат.

Жаңы мамлекеттик ишкана имараттарды жана курулмаларды сатып алуу, социалдык тейлөө мекемелерин күтүү жана алардын материалдык-техникалык базасын жабдуу менен алектенет.

Мындан тышкары, ишканага Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу милдети жүктөлөт.

Документте белгиленгендей, бул өзгөртүүлөр калкты социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүүгө, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана бул тармактагы мекемелерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.