Кытай Кыргызстанга дээрлик $1,8 млрд машина, жабдуу жана транспорт каражаттарын жеткирди
2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстан Кытайдан дээрлик 1,8 млрд долларлык жабдууларды, механикалык түзүлүштөрдү, жер үстүндөгү транспорт каражаттарын жана алардын тетиктерин импорттогон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, механикалык жабдуулар жана түзүлүштөр 898,4 млн долларга, ал эми жер үстүндөгү транспорт каражаттары жана алардын тетиктери 897,9 млн долларга импорттолгон.
Мындан тышкары, Кытайдан 336,5 млн долларлык электр машиналары жана жабдуулары, 29,5 млн долларлык бут кийим жана анын тетиктери, ошондой эле 29,1 млн долларлык кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдар алып келинген.
Жалпысынан 2026-жылдын январь-август айларында КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн импорт 10,2%га өсүп, 5,5 млрд долларга жеткен. Бул өлкөлөргө Кыргызстандын жалпы импортунун 56,6%ы туура келген.
