Чүй облусунда аялын өлгүчө сабаган жаран кармалды
8 декабрь

Чүй облусунда аялын өлгүчө сабаган жаран кармалды

2025-жылдын 4-декабрь күнү Сокулук РИИБге Сокулук районуна караштуу Арал айылындагы үйлөрдүн биринен 1978-жылы туулган К.Е. атту жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, сырттан кароо жүргүзүлгөн. Кароо учурунда К.Е. маркум денесинен көптөгөн көгала тактары жана кан уюган издери табылган. Жансыз дене моргго жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, К.Е.нин өлүмүнө жабык баш мээсинин жаракаты, мээнин жаракат алышы жана баштын чачы чыккан бөлүгүндө соккудан пайда болгон жаракаттар себеп болгон.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда жаран К.Е.ге дене жаракаттарын анын күйөөсү Е.Н. келтиргени, алардын окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган.

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесине ылайык, 1969-жылы туулган жаран Е.Н. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары улантылууда.