Жеңишбек Токторбаев Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу менен жолугушту
8 декабрь

Жеңишбек Токторбаев Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу менен жолугушту

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы кызматташууну, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Ош шаарынын Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Ярославль, Ростов-на-Дону жана Владивосток өңдүү шаарлары менен болгон кызматташтыгы кеңири талкууланды. Биргелешкен маданий иш-чаралар жана өнүктүрүү долбоорлору эки тарап үчүн тең өз ара пайдалуу экени баса белгиленди.

Ошондой эле мэр Жеңишбек Токторбаев Башкы консулду кайрадан бул кызматка дайындалышы менен куттуктады.