Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана учурдагы эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымат
2025-жылдын 2-декабрында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын жана мониторингди мындан ары күчөтүү, ошондой эле калкка алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берүүнү активдештирүү чечими кабыл алынды. Ыкчам штаб Райондор аралык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна алдын алуу иштерин бала бакчалар жана мектептер арасында гана эмес, соода борборлорунда, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде күчөтүүнү сунуштады. Оорунун интенсивдүү өсүшү сакталган учурда балдар көп чогулган жерлерде убактылуу чектөө жана карантиндик чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал күн сайын көзөмөлдө турат. 48-жумада (2025-жылдын 24–30-ноябры) республика боюнча 37 068 сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар катталган, бул мурунку жуманын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, ооругандардын жалпы санынан 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда. Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын мектепке чейинки уюм убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү. Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалды, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Билим берүү министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү, ошондой эле ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болгон облустарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды. Бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында карантиндик чаралар күчөтүлдү: милдеттүү түрдө бет кап кийүү режими киргизилди, стационарларга бейтаптардын туугандарынын жана жакындарынын баруусу чектелди, сасык тумоонун алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар жайгаштырылды, имараттарды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жана бактерициддик тазалоо жүргүзүлүүдө. Республиканын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилейбиз. Кырдаалга мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүүдө жана калкка мындан аркы чечимдер жана сунуштар жөнүндө өз убагында маалымат берилет.
