Бишкек – Ош унаа жолундагы “Арал” постунда унааларга коюлган чектөө алынды 
29 октябрь

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Арал” постунда унааларга коюлган чектөө алынды 

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Арал” постунда унааларга коюлган чектөө 29-октябрь, саат 9:10до алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Белгилей кетсек, кечээ, 28-октябрда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө жана Жайыл районунун "Сосновка" постунда күйүүчү май ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.