Кара-Сууда ири суммада уурулук жасаганга шектүү кармалды
3 ноябрь

Кара-Сууда ири суммада уурулук жасаганга шектүү кармалды

2025-жылдын 8-октябрында Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө 1962-жылы туулган Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда 2025-жылдын 5-6-октябрь күндөрү аралыгында белгисиз адам үйүнөн 195 000 сом накталай акчасын жана жалпы суммасы 1 211 000 сомду түзгөн зер буюмдарын (шакек, чынжыр, сөйкө, билерик ж.б.) жашыруун түрдө уурдап кеткендигин билдирген.

Натыйжада арыз ээсине болжолдуу суммасы 1 406 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалып, 2025-жылдын 30-октябрь күнү райондук сот тарабынан камакка алынды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү А.Ж. кылмыштуу жолун улантып, 2025-жылдын 27-октябрында Кара-Суу шаарынын Х.А. аттуу тургунунун үйүнөн 66 500 сом накталай акчасын жана бир даана баасы 15 000 сом болгон алтын шакегин жашыруун түрдө уурдап кеткендиги аныкталды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.