Нарын облусу күз-кыш мезгилине даяр
21 ноябрь

Нарын облусу күз-кыш мезгилине даяр

Нарын облусу күз-кыш мезгилине даяр, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Нарын электр тармактар ишканасы алдыдагы суук күндөргө кам көрүп, элге үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү үчүн бардык зарыл иштерди аткарып бүттү.

Ишкананын тейлөөсүндөгү 10-0,4 кВ бөлүштүрүүчү тармагында жалпы 328,1 км аба чубалгысы жана 10/0,4 кВ 232 даана трансформатор капиталдык оңдоодон, ал эми 3963,6 чакырым аба чубалгысы, 10/0,4 кВ 1641 даана трансформатор утурумдук оңдоодон өткөрүлдү.

35-220 кВ жогорку чыңалуудагы 40 көмөк чордондо жана 90,3 км аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 220-35 кВ 58 көмөк чордондо, 500-220-110-35 кВ аба чубалгыларында 1964,8 чакырым утурумдук оңдоо иштери менен кошо 110 кВ аба чубалгысында 4083 даана, ал эми 35 кВ АЧда 4817 даана эскирген изоляторлор жаңысына алмаштыруу иштери аткарылды.

Капиталдык курулуш планынын негизинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылды, алсак:

• темир-бетон мамыларын чыгаруучу цех ишке берилди,

•Ак-Сай өрөөнүндө 35/10 кВ "Кында" көмөк чордонунда кызматкерлер үчүн атайын кызматтык имарат курулду,

•110/10 кВ "Дөң-Алыш" көмөк чордону курулуп ишке берилди.

Кочкор районуна 12705 даана АСКУЭ акылдуу электр эсептегичтери орнотулду. Борбордук оңдоо цехинде 39 даана трансформатор оңдолуп чыгарылды.