Чүйдө 3 млн сомду «коопсуз эсепке» которууга көндүргөн дропперлер кармалды
8 декабрь

Чүйдө 3 млн сомду «коопсуз эсепке» которууга көндүргөн дропперлер кармалды

Чүй облусунда дропперлер кармалды, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 4-декабрда Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарынын тургуну 1949-жылы туулган С.Ю. арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2-3-декабрь күндөрү ар кандай номерлерден чалган адамдар тууралуу маалымдаган.

Алардын бири «Мегаком» компаниясынын кызматкери, экинчиси Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырган жана 3 млн сомду «коопсуз эсепке» которууга көндүрүшкөн. Акча Кара-Балта шаарындагы «Глобус» гипермаркетинин терминалы аркылуу которулган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2001-жылы туулган Ж.М. жана 2000-жылы туулган Ш.Т. аныкталып, кармалды. Алар буга чейин «Оптима» банкттык картасын жасатып, анын маалыматтарын Telegram аркылуу сатышкан. Бул карта алдамчылар тарабынан каражаттарды ээлеп алуу үчүн колдонулган. Ошентип, кармалгандар өз интернет-банкингине башка адамдардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген, бул дагы кылмыш болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Ж.М. жана Ш.Т. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.

Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы эскертет: SIM-карталарды, банкттык карталарды жана башка электрондук төлөм каражаттарын үчүнчү жактарга өткөрүү кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу аракет болуп эсептелет.