Таласта уникалдуу аллея пайда болот — анда Айтматовдун чыгармаларына арналган экспонаттар жайгаштырылат
27 ноябрь

Таласта уникалдуу аллея пайда болот — анда Айтматовдун чыгармаларына арналган экспонаттар жайгаштырылат

Талас облусунун Талас шаарында уникалдуу Нуржанов аллеясы пайда болот. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, аллеянын  узундугу 1 км 200 метр, туурасы 35 метрден 70 метрге жетет.

Аталган аллея шаардын эң кооз аймактарынын бири болуп, туристтер, коноктор жана Таластын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Ал шаардын так борборунда жайгашкан, чет өлкөлөрдөгү “Бродвей” же “Арбатка” окшош, бардык зарыл шарттары бар экономикалык борборго айланат.

Бул жерде улуу жана залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармаларына арналган экспонаттар жайгаштырылат. Мисалы, бийиктиги төрт метрлик "кызыл алма" экспонаты орнотулуп, анын жанында келгендер сүрөткө түшө алышат.

Мындан сырткары, аллеянын аймагында дүкөндөр, китепкана, эс алуучу жайлар, спорт аянтчалары, фонтандар, эс алуучулар үчүн башка да керектүү шарттар түзүлөт жана толугу менен жөө адамдар үчүн арналып, анда автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.