Кыргызстанда бир жумада 18,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
29 октябрь

Кыргызстанда бир жумада 18,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Алдын ала маалымат боюнча,  21нен  27-октябрга чейинки өлкө боюнча 18 миң 682 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 555;

-Мас абалында автоунаа башкаруу - 237;

-Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 51;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 326;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3202;

-Авто ээнбаштык - 6;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3492;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 137;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 783  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.