КР УКМК: Чет элдик атайын кызматтын агенти тыңчылык үчүн соттолду
КР УКМК тарабынан 324-берене (Тыңчылык) боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берген чет элдик жаран кармалды.
Төгүндөлгүс далилдердин негизинде, аталган жаран соттун чечими менен айыпталган аракеттерди жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, эркинен ажыратылды!
Улуттук коопсуздук органдары чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишүүсүнүн алдын алуу үчүн туруктуу негизде контрчалгындоо иштерин жүргүзүп жатат.
