Бишкекте коомдук транспорт үчүн кайрадан атайын тилке чийилди
8 декабрь

Бишкекте коомдук транспорт үчүн кайрадан атайын тилке чийилди

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорт үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жол жүрүү шарттарын камсыз кылуу боюнча ишти улантууда.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, ушуга байланыштуу, И.Ахунбаев көчөсүндө Ж.Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин 2 км  ашык коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилке уюштурулду.

Белгилей кетсек, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана  көрүнүүсүн жакшыртуу   үчүн бул атайын тилкеге сары жол белгилери түшүрүлдү.