Жалал-Абад облусунун Кайрагач айылына таза суу берилди
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Кайрагач айылында толук аяктаган таза суу долбоорун ишке берди.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демилгечилер жана айыл тургундары катышты. Долбоор “Ас-Сафа борбору” фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашып, жалпы 11 млн 339 миң акча каражаты жумшалган.
Облус башчысы Тилек Текебаев таза суу көйгөйүн чечүү – аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири экенин баса белгилеп, демилге көтөргөн жана каржылык колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.
Өкүл Кара-Дарыя айыл аймагына 2025-жылы өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, аймакта ишке ашкан бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду атады.
