Раззаковдо автохулигандыкка барган 2 жаранга 30 миң сомго чейин айып пул салынат
2025-жылдын декабрь айынын башында Раззаков шаарында кечки убакта унааларын атайылап ышкыртып, катуу ылдамдыкта айдап, коомдук тартипти бузуп, автохулигандыкка барган 2 жаран “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео байкоо камераларына түшүп калган.
Видео материалдар Баткен ОИИБдин Ыкчам кырдаал борбору тарабынан каралып чыгып, автоунаалар жана алардын айдоочулары такталып, тиешелүү административдик чаралар көрүлдү. Мыйзам бузган айдоочулар ар бири 15 миң сомдон 30 миң сомго чейинки айып пулдар менен жазаланды.
Баткен ОИИБи жол эрежелерин бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан мындай аракеттер мыйзам чегинде катуу көзөмөлгө алына турганын эскертет. Коомдук тартипти сактоо ар бир жарандын милдети.
