Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын биргелешкен жыйыны өтөт
8 декабрь

Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын биргелешкен жыйыны өтөт

Бүгүн, 8-декабрда, Москва шаарында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин биргелешкен жыйыны жана он сегизинчи пленардык жыйыны өтөт. Аны Мамлекеттик Думанын төрагасы, ЖККУ ПАнын төрагасы Вячеслав Володин алып барат.

Москвага Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары Парламенттик Ассамблеянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн келишти.

Россиянын борборунда Беларусь Республикасынан келген делегацияны – Улуттук жыйындын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко башында, Казакстандан – Парламенттин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов башында, Тажикстандан – Олий Мажлистин Маджлиси намояндагонунун төрагасы Файзали Идизода башында турган өкүлдөрдү тосуп алышты. Кыргызстан Жогорку Кеңешинен бул жыйынга ЖККУ ПАдагы Парламенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышат.

Жыйында карала турган негизги маселелер — уюмга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана ЖККУ жоопкерчилик аймагындагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу.