Кыргызстандын негизги жолдору транспорттун бардык түрү үчүн ачык
Бүгүн, 8-декабрь саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасы кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө - Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунду күн бүркөк, жол ачык, Каракол - Эңилчек, Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык, каттам бар.
Ошондой эле Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун Долон ашуусунда кар жаап жатат, Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында күн ала булут, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу, өлкөдө аба ырайы сууктап, кар жаай турганын билдирүүшүдө айдоочуларга жол эрежелерин так сактоону, кырдаалдын татаалдашуусун алдын алуу үчүн каршы тилкеге чыкпай жүрүүнү, унаа дөңгөлөктөрүн кышкы шартка ылайык алмаштырып алууну жана 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт.
