"Түндүк" порталында кандай санариптик документтер жеткиликтүү
17 октябрь

"Түндүк" порталында кандай санариптик документтер жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Түндүк» тутумунун жетишкендиктери жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымдайт.

Сандар: 3+ миллиард маалымат алмашуусу — мамлекеттик органдар менен жеке сектор арасындагы 3 006 846 764 маалымат алмашылды! Бул - кагаз иштерин жоюуга жана кызмат көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берет.

“Түндүк” тутумунда 1343 кызмат жана 311 катышуучу болду.

2024-жылы “Түндүк” порталында жана мобилдик тиркемесинде 11 миллион онлайн-кызмат көрсөтүлдү, колдонуучулардын саны 1,7 миллионго жетти. Санариптик документтер — дайыма колуңузда .

«Tunduk» тиркемесинде 9 санариптик документ бар, алардын арасында паспорт, айдоочулук күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ж.б.

2024-жылы кошулган санариптик документтер:

  • Пенсиялык күбөлүк
  • Жеке ишкерди каттоо күбөлүгү
  • Аттестат/билим жөнүндө күбөлүк

Бул документтер кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана мамлекеттик органдарда, ошондой эле жеке сектордо колдонууга болот.

2024-жылы “Түндүк” порталында 14 жаңы кызмат киргизилди. Алардын ичинде:

  • Мүлк салыгы боюнча карыздын жоктугу/бардыгы жөнүндө маалымкат,
  • ЖААК документтерин санариптештирүү,
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн арыз берүү,
  • КТБга онлайн-кезек алуу,
  • Кыймылсыз мүлктү онлайн-кайра каттоо, 
  • Жашаган жери боюнча онлайн-каттоо.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жеңилдетүү жана санариптештирүүнү өнүктүрүү иштерин улантууда.