Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, бүгүн, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн жана кар күрткүсү топтолот.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектөө зарыл.
ӨКМ эскертет!
Алыска сапар тартуунун зарылдыгы болбосо, башка күндөргө жылдырыңыз. Эгер жолго чыксаңыз дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, ысык суу, дары-дармек алууну унутпаңыз. Кырсыктын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
