Катуу чара көрүлөт. Билим берүү министрлиги бала бакчадагы окуя боюнча үн катты
Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармакта тарап жаткан Сузак районундагы балдар бакчасында болгон окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрөт.
Министрлик балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер экендигин эскертет.
"Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат. Жогоруда айтылган окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу кызматкерлерге катуу чара көрүлөт. Ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ведомстводон кошумчалашкандай, ошондой эле кызматкерлер арасында балдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
