Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилүүдө
Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилүүдө, деп билдирет президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармакта үрөй учурган видео тарап, анда аялдын ыйлап жаткан кичинекей наристелерди сабап жаткандыгын көрүүгө болот.
Өкүлчүлүктүн маалыматына таянсак, окуя Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан “Кенжетай-1” бала бакчасында орун алган.
"Балдарга орой мамиле жасалганы чагылдырылган видео тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аталган окуянын чоо жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө иштери башталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакча кызматкерлерине мыйзам чегиндеги чаралар көрүлмөкчү.
