Салык кызматы өлкө аймактары боюнча социалдык мекемелерге жаңы жылдык белектерди тапшырды
31 декабрь

Салык кызматы өлкө аймактары боюнча социалдык мекемелерге жаңы жылдык белектерди тапшырды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери социалдык колдоо көрсөтүү максатында өлкөнүн бардык аймактарындагы социалдык мекемелерге жаңы жылдык белектерди беришти.

Иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, жатак-мектептердин тарбиялануучуларына, балдар ооруканаларында дарыланып жаткан балдарга, ошондой эле улгайган адамдарга жаңы жылдык белектер жана азык-түлүк тапшырылды.

Салык кызматынын кызматкерлери жарандарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, жаркын келечек жана жаңы жылда ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, социалдык колдоо иш-чараларына Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери активдүү катышты. Бул демилге социалдык мекемелердин тарбиялануучуларына жана жардамга муктаж жарандарга туруктуу колдоо көрсөтүүгө багытталган.