Ош облустук милициясына 17 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
3 ноябрь

Ош облустук милициясына 17 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Ош облустук ички иштер башкармалыгына бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына карата президенттин белеги катары 7 даана JAC жана 10 даана Changan X5 үлгүсүндөгү жаңы кызматтык автоунаалар расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Салтанаттуу тапшыруу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов катышып, облус башчысы Элчибек Жантаевдин атынан куттуктоо сөзүн айтып, милиция кызматкерлерине ийгилик каалады.

Анын айтымында, кызматтык унаалар ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуулукту арттырууга багытталган.

Жаңы автоунаалар Ош облусунун райондорундагы бөлүмдөргө жана Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонуна бөлүнүп берилди.