
Шаардык кеңештерге 4 миң 928 талапкер ат салышат
Шаардык кеңештерге шайлоого өз талапкерлерин көрсөткөн 39 саясий партия 188 талапкердин тизмесин беришкен. Чолпон-Ата шаарында документтер каралып жаткан маалда «Эмгек» саясий партиясы тизмеден чыгып, алдыдагы шайлоого катышуудан баш тартты. Катталгандардын саны 4928, анын ичинен 3183 эркек, 1745 аял, 35,41 түздү.
16-октябрда шаарларда партиялардын шайлоо эрежелерин сактоо боюнча милдеттерин (анын ичинде социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүү) бекемдеген меморандумдарга кол коюу аземдери жана талапкерлердин бюллетендеги кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак ѳткѳрүлдү.
Ош, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Баткен шаарларында чүчүкулактар өткөрүлүп, анын жыйынтыгында үгүт мезгилинде акысыз эфир убактысы жана басма аянты бөлүштүрүлдү.
2024-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарында акысыз эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча партиялар арасында чүчүкулак ойнотулат.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан көп пайызын алган партиялар шаардык кеңештерге депутаттык мандат алышат.