Кыргызстанда дарыгерлер кезексиз 5 миң ипотекалык батир алышат
Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине кезексиз түрдө 5 миң батир берилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов өлкөдөгү балдар медициналык мекемелерине болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.
«Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине 5 миң ипотекалык батирди кезексиз берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралар медициналык кызматкерлердин социалдык корголушун чыңдоого, кадрларды система ичинде кармап калууга жана медициналык кесиптин жагымдуулугун жогорулатууга багытталган», — деп белгиледи министр.
Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы ошондой эле президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 2026-жылдын апрелинен тартып дарыгерлердин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылаарын эске салды.
