Манас шаарында интернет алдамчылык боюнча 25 жаштагы жаран кармалды
2025-жылдын 26-декабрь күнү Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, бир нече жаран арыз менен кайрылган. Анда алар ошол эле күнү 20-декабрь саат 23:45 чамасында Москва-Бишкек багыты боюнча электронный билет сатып алуу максатында, телеграмм сайты аркылуу Алберт аттуу балага кайрылышкан учурда ал 0505 02 54 28 сандуу номерине QR-код аркылуу акча каражатын которунуздар деп котортуп алып, ошол бойдон телеграмм баракчасын жаап (блоктоп) жок болуп кеткендигин билдиришкен.
Аталган маалымат Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин КИБдин кызматкерлери тарабынан, Сузак районунун 2000-жылы туулган тургуну аныкталып, тергөөгө камсыз кылынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаран буга чейинда КРнын кылмыш-жаза кодексинин адамчылык беренеси менен бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы маалм болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
