Тоң районундагы Кара-Талаа – Туура-Суу жолунун 7 чакырымдык тилкесинде асфальт төшөө иштери аяктады
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа – Туура-Суу жолунун 7 чакырымдык тилкесинде асфальт төшөө иштери аяктады.
Бул иштер 2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №10 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Жолдун бул бөлүгү көп жылдан бери оңдоого муктаж болуп келген. Асфальт төшөлүшү аймак тургундарынын каттамын жеңилдетип, айылдар аралык байланыштын сапатын жогорулатат жана коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Учурда объектте акыркы этаптагы иштер жол чийиндерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу жүргүзүлүүдө. Бул иштер толук бүткөндөн кийин унаа кыймылы үчүн заманбап жана коопсуз жол тилкеси пайдаланууга берилет.
