Ат-Башыда 8 кг марихуана алынды
17 октябрь

Ат-Башыда 8 кг марихуана алынды

2024-жылдын 12-октябрь күнүнө караган түнү Ат-Башы РИИБдин жана Нарын ОИИБдин БМЖККК кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ат-Башы районунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан “VOLVO-FH” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасын токтотуп текшерген учурда, аталган автоунаадан бир даана боз түстөгү капка (мешок) салынган өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат табылган.   

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат -марихуана- баңгизаты болуп аныкталып жалпы салмагы 8 килграмм 580 гаммм болуп чыкты.     

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган баңгизатын Ат-Башы районунун тургуну 1977-жылы туулган И.У. аттуу жаран Жети-Өгүз районунда жайгашкан талаалардын биринен өзү колдонуу максатында жүк ташуучу автоунаа менен Ат-Башы районуна алып келе жатканы аныкталган.       

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. 
 
Жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү И.У. тергөө бөлүмүнө камсыздалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96,97-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. 

Соттун чечими менен ага карата 2 айлык мөөнөткө камака алуу бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.